КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНЫН МИСАЛЫНДА АЙМАКТЫК ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУ ЖОЛДОРУ
Open Access
- 25 March 2025
- journal article
- Published by Osh State University in Bulletin of Osh State University
- No. 1,p. 161-171
Abstract
Макалада автор аймактык ишкердиктин көйгөйлөрүн изилдеп, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштаган. Ишкердиктин өлкөнүн экономикасындагы ролун аныктоо менен анын маани-маңызын ачып көрсөттү. Аймактык ишкердиктин өзгөчөлүктөрү Жалал-Абад областынын мисалында каралып, областтагы бизнес чөйрөсүнүн жалпы абалына талдоо жүгүзүүнүн негизинде анын өзгөчөлүктөрү аныкталган. Талдоонун жыйынтыгында чакан жана орто бизнес үчүн негизинен кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өнүгүүсүнө чоң потенциал бар экендигин негиздеген. Автор бул чөйрө ишкердикти жаңыдан баштагандар үчүн да, мурдатан иштеп келгендер үчүн да чоң өлчөмдөгү капиталдык салымдарды талап кылбагандыгы жана капитал кайтарымдуулуктун ылдам жүрүшү менен жагымдуу шарттарды жаратаары белгилейт, ишкердикти өнүктүрүүнүн инновациялык жолун келечектүү деп табат жана муну бир катар далилдер менен негиздейт. Ишканаларда инновациялык өндүрүштү уюштурууну, бул ишти колго алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосу менен жогорку окуу жайларын тартуу аркылуу илимий изилдөөлөрдүн, иштелмелердин жана инновациялардын аймактык борборун уюштурууну сунуш кылып, бул борбордун иш-аракеттеринин болжолдуу тизмесин келтирет.Keywords
This publication has 2 references indexed in Scilit:
- ИШКЕРДИК ИШМЕРДҮҮЛҮК МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ УКУГУВестник Ошского государственного университета. Право, 2023
- TAX REGULATION OF ECONOMIC DEVELOPMENT IN THE REGIONS OF KYRGYZSTAN AS A FACTOR OF INCREASING EMPLOYMENTBulletin of Osh State University, 2021