Abstract
Азыркы заманбап мектептерде экологиялык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, жаңы муундун экологиялык сабаттуулугун калыптандыруу, жаратылыштын баалуулуктарын таанып, түшүнүүгө багыттоо, курчап турган чөйрө менен адамзаттын тыгыз байланышта экендигин түшүнүү, жаратылышты коргоого активдүү катышуу ишмердүүлүгүн күчөтүү сыяктуу функцияларды мектептердеги окуу процессинин негизги өзөгү катары кароо жана окуп үйрөнүү. Жогорку класстын окуучуларынын экологиялык ой жүгүртүүлөрүн жана дүйнө таанымын калыптандырууда табигый илимдерге негизги роль таандык.