Database Coverage
  • Scilit
Journal Articles
All-time journal articles
94
2025 journal articles
24
Subject
  • Concrete

Publications Analysis

Publications in 2016-2026
Open Access Publications in 2016-2026
Top Subjects

Publications in 2016-2026.

SubjectPublications
Climate Change
1
Sustainability Studies
1
Crop Science
1
Bacteriology
1
Concrete
1
Environmental Sciences
1
Food Science & Technology
1

Top Countries

Publications in 2016-2026.

CountryPublications
Kyrgyzstan
45
Uzbekistan
2
Turkey
1
China
1
India
1
Lithuania
1

Citation analysis
Publications published in 2023-2024 and cited in 2025.
Total Citations
7
Total Publications
60
Average Citations
0.12
Cited Publications
7
Cited Publications %
11.7%
Self Citations
0
Self Citations %
0%

Metrics
h5_index
2
Monthly Citation Metric (MCM)
0.06

Monthly Citation Metric

Citations per year
All citations in 2016-2026

Citation Distribution
All citations to publications in 2023-2024.
Q1
0
Med
0
Q3
0
99%
1.4
Max
2

Citation Origins
Publications published in 2023-2024 and cited in 2025.
Citing Source Titles
Citing Publishers

Latest Publications

  • Open Access

    АКАДЕМИК БЕКТЕМИР МУРЗУБРАИМОВДУН ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ: ИЙГИ ИЗДЕНҮҮЛӨР, ИШКЕ АШКАН ИДЕЯЛАР, ИРИ ИЙГИЛИКТЕР

    by Абдурашит Низамиев

    Макалада Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Б.Мурзубраимовдун илим-изилдөө ишмердүүлүгү чагылдырылат. Химиянын азыры илимде, өндүрүштө жана күнүмдүк жашоодо мааниси чоң. Анын өнүгүүсү илимий-техникалык прогрессти коштоп, экономика, социалдык тармак жана курчап турган чөйрөнү коргоонун актуалдуу маселелерин чечүүгө жардам берет. Макалада талдоо, тарыхый жана логикалык усулдар пайдаланылды. Эл чарбасына жана турмуш-тиричиликке зарыл болгон жаңы заттарды алуу, студенттер үчүн тиешелүү окуу куралдары чыгаруу жана илимий даражалуу кадрларды даярдоо маселелеринин практикалык мааниси белгиленди

  • Open Access

    БИОМЕТАЛЛДАРДЫН ТУЗДАРЫНЫН АЗОТ, КЫЧКЫЛТЕК ЖАНА КҮКҮРТ КАРМАГАН ОРГАНИКАЛЫК ЛИГАНДАЛАР МЕНЕН КООРДИНАЦИЯЛАНЫШЫ

    by Кубанычбек Сапаров, Клара Акжигит Кызы, Нурпери Жаныбекова

    Берилген макалада кобальттын туздарынын учурдун актуалдуу деп эсептелинген антибиотиктери болгон сульфаметоксазол жана кларитромицин препараттары менен болгон координациялык бирикмелерин препаративдик метод менен синтездөө шарттары чагылдырылды. Синтездөөнүн алдында сульфаметоксазол жана кларитромицин атайын методика боюнча кошумча тазаланды. Синтездөөнүн түрдүү варианттары сунуш кылынып, эң оптималдуу болгон металл-лиганддын катышы 1:1ге барабар экендиги аныкталып чыгылды. Синтездделген комплекстик бирикмелердин составына элементтик анализдер жүргүзүлүп, кобальттын, көмүртектин, суутектин, азоттун, күкүрттүн кармалышы аныкталды жана синтезделген комплекстик бирикмелер жаңы бирикмелер экендиги тастыкталды. Элементтик анализдерди жүргүзүүдө комплексонометриялык, атомдук-адсорбциялык, кычкылтектин агымында күйгүзүү, салмактык жана Дьюманын методдору колдонулду

  • Open Access

    ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК БОЮНЧА ИЛИМИЙ АДАБИЯТТАРДЫН ОБЗОРУ: ТАРМАКТЫК КӨЗ КАРАШТАР

    by Бегимай Айтыкулова

    Бул макалада элдик кол өнөрчүлүк өзүнчө тармак катары илимий жактан изилдөөсү каралган. Негизинен кол өнөрчүлүктүн тарыхый, маданият таануучулук, искусство таануучулук, педагогикалык, экономикалык жана экономикалык-географиялык өнүгүү жана жайгашуу аспектилери келтирилет. Аталган тармактын территориялык (аймактык) өнүгүүсү Россия жана анын айрым аймактары (Санкт-Петербург, Урал, Иваново областы, Алтай, Дагестан, Кабардино-Балкария), Азербайжан, Өзбекстан ж.б. мисалында каралган. Бул илимий иштердин негизги максаты кол өнөрчүлүктүн экономикалык маңызын, территориялык жайгашуусун, анын социалдык себептерин жана өнүгүү факторлорун изилдөөгө комплекстүү концептуалдык мамиле түзүү болуп эсептелет. Ошондой эле коомдо кол өнөрчүлүк өндүрүшүн сактап калууга жана аны өнүккөн экономикалык формаларга айлантууга көмөктөшүүчү институттук чөйрөнүн зарылдыгы аныкталат

  • Open Access

    ЭЛДИК КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОЛДОО МАСЕЛЕСИНЕ

    by Бегимай Айтыкулова

    Бул макалада элдик кол өнөрчүлүктү мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо маселеси каралат. Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иши жөнүндө мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бул тармакты өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын мисалында талдоо жасалат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин элдик кол өнөрчүлүктү камтыган өнүгүү программалары каралат. Негизинен алганда, биздин өлкөдө кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча укуктук документтер жетиштүү деңгээлде, ошол документтер иш жүзүнө кантип ашып жатканын көзөмөлгө алуу учурдун талабы деп эсептейбиз

  • Open Access

    КӨЧӨТТӨРДҮ ӨСТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ ШАРТТАРЫНДАГЫ ИННОВАЦИЯЛЫК ПИТОМНИКТЕР

    by Абдижапар Аккулов, Элмурат Обдунов, Венера Эрматова, Жазгүл Нурмаилова

    Бул макалада климаттын өзгөрүшү жана антропогендик таасирдин күчөшү шартында Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндөгү инновациялык токой жана бакча питомниктеринин ролу каралган. Мамлекеттик программалар, нормативдик-укуктук документтер жана дарак породаларын интродукциялоонун тарыхый тажрыйбасы талдоого алынган. Тоолуу, арчалуу жана жаңгак-жемиш токойлорунун деградациясы, ошондой эле токойду калыбына келтирүү жана шаарларды жашылдандыруу үчүн сапаттуу көчөттөрдүн жетишсиздиги негизги көйгөйлөр катары белгиленет. Инновациялык питомниктерди түзүү, интродукцияланган породаларды пайдалануу, деградацияланган жерлерди биорекультивациялоо жана заманбап агротехнологиялык ыкмаларды киргизүү боюнча көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн жана практикалык долбоорлордун жыйынтыктары берилген. Алардын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууда, биологиялык ар түрдүүлүктү жогорулатууда жана республиканын тоолуу жана өрөөн аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда экологиялык, социалдык жана экономикалык мааниси көрсөтүлгөн

  • Open Access

    ПРИНЦИПЫ РАЦИОНАЛЬНОГО ПРИРОДОПОЛЬЗОВАНИЯ В МОСКОВСКОЙ ТЕРРИТОРИАЛЬНОЙ СХЕМЕ ОБРАЩЕНИЯ С ОТХОДАМИ

    by Сергей Кириллов, Давид Роскошный

    В данной статье рассматривается территориальная схема обращения с отходами с точки зрения принципов рационального природопользования. Целью работы является качественная оценка экологических и экономических принципов, заложенных в территориальные схемы обращения с отходами на примере города Москвы. Территориальная схема является документом, определяющим порядок обращения с отходами на территории города в ближайшие годы. Основные задачи территориальной схемы обращения с отходами для Москвы связаны с улучшением качества экологической ситуации в городе, повышение эффективности использования ресурсов и повышение комфорта жизни горожан. В территориальной схеме предусмотрено строительство новых сортировочных комплексов для обработки мусора, улучшение работы существующих полигонов, увеличение объемов сбора отходов на территории города, а также повышение уровня переработки отходов

  • Open Access

    КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙЫНЫН ӨНҮГҮҮ МАСЕЛЕСИНЕ

    by Жаркынай Шерматова

    Жеңил өнөр жайы эл чарбасындагы маанилүү тармак болуу менен калктын кийим-кечеге, бут кийимге жана башка керектөө товарларына болгон суроо-талаптарын канааттандырат. Негизги жумуш орундарын түзүүчү чарбалык сектор болуп эсептелет. Кыргызстанда бюджеттик кирешени толтуруунун эсебинен экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп келет. Бул тармак импортту алмаштыруу жана жергиликтүү сырьедон товарларды өндүрүү аркылуу экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү десек болот. Ошондой эле макалада тармактын азыркы өнүгүү абалы, башкаруу өзгөчөлүгү каралды. Мында негизги ишмердүүлүктү Кыргызстан тигүүчүлөр ассоциациясы жана “ЛЕГПРОМ” Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы жүргүзөт

  • Open Access

    ӨЗ КРАЙЫН ТААНЫП-БИЛҮҮДӨ ЭКСКУРСИЯЛЫК ЖҮРҮШТӨРДҮ УЮШТУРУУНУН МААНИСИ

    by Жанарбек Султанов, Гүлкайыр Базарбаева

    Макалада өз крайын таануу жана экскурсиялык жүрүштөрүнүн маанисин ачып көрсөтүү менен бирге инсандын табиятка байкоо жүргүзүү жана аны сактоо боюнча сунуштар берилген. Изилденген тема боюнча окумуштуулардын ойлорун эске алып, максатын, милдетин жана изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугу белгилеген. Жаш край таануучулар жана экскурсия уюштуруучулар үчүн негизги принциптер такталып, аны ишке ашыруу үчүн төрт негиздеме менен жыйынтыкталган. Мындан тышкары, край таануу изилдөөлөрүнүн ыкмалары жана окуучуларды коопсуз жана натыйжалуу экскурсияга тартуу жолдору баяндалат. Макала аймактык туризмди өнүктүрүүдө жана билим берүүдө практикалык мааниге ээ. Ошондой эле, жашаган аймактагы туристтик жана рекреациялык мүмкүнчүлүктөрдү аныктоонун мааниси айтылып, жаш край таануучулар жана туризмге кызыккандар үчүн уюштурулган экскурсиялар билим берүү жана тарбиялоонун натыйжалуу усулу катары сунушталат

  • Open Access

    СЕРНОКИСЛОТНАЯ ПЕРЕРАБОТКА КАОЛИНА АНГРЕНСКОГО МЕСТОРОЖДЕНИЯ

    by Исраилжон Шамшидинов, Зокир Мамаджанов, Адхамжон Мамадалиев, Рустам Мамадалиев, Ибраим Полотов

    В статье изучена процессы сернокислотная перерабока каолина Ангренского месторождения. С целью разработки технологии получения коагулянта - сульфата алюминия из каолина, изучено разложение алюмосиликатной глины, предварительно увлажненной концентрированной серной кислотой, и разработана технологическая схема получения продукта. Для исследования использован каолин Ангренского месторождения состава (масс. %): Al2O3=21,73, Fe2O3=1,68, SiO2=65,2, TiO2=0,4, СаО=0,4, MgO=0,65, R2O=0,8, SO3=0,6, п.п.п.= 8,5. Каолин прокаливали при температуре от 400ОС до 800ОС в течение 60-120 минут, определяя потери веса. Спек разлагали 60%-ной серной кислотой в течение 60 минут при температуре 80ОС и норме серной кислоты 100% от стехиометрии для связывания Al2O3 в Al2(SO4)3. Максимальная степень извлечения алюминия отмечается при концентрации серной кислоты 60%. При этом степень извлечения алюминия составляет 97,1%, а железа 82,5%. Проведенные исследования по разложению прокаленного каолина при температуре 650-700ОС в течение 1 часа показали возможность получения раствора сульфата алюминия со степенью извлечения при выщелачивании не менее 96,0%. Оптимальными технологическими параметрами извлечения алюминия из каолина серной кислотой являются концентрация кислоты 60%, норма 100%, температура не ниже 80ОС, продолжительность процесса не менее 1 часа

  • Open Access

    КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ БИЙИК ТОО БИЙИКТИК АЛКАГЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ КЕМИРҮҮЧҮЛӨРҮ

    by Үсөн Атабеков, Бурулай Абдырахманова, Касиет Махаматемин Кызы

    Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоо бийиктик алкактарын байырлаган чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн таралышы, түрдук курамдары, сандык көрс өткүчтөр жана 2 тукумга кирген 7 түрү аныкталды. Бийик тоо бийиктик алкактарын байырлаган чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн ичинен биологиялык көптүрдүүлүккө ээ болгон тукумдарга Аламандар (Cricetid) кирет, Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоо бийиктик алкактарында кездешкен чычкан сымал кемирүүчүлөрүнүн ичинен доминанаттык орунга корум момолою (Alticola argentatus) (30,6±0,68 %) токой чычканы (Apodemus sylvaticus) (22,5±0,62%) ээ. Ал эми субдоминанттык орундарга памир момолою, (Microtus carruthersi) (20,9±0,60%) жана үй чычкандары (Mus musculus) (12,2±0,48%. ээ болушту. Чычкандардын жашап көбөйүшү үчүн эң жагымдуу ландшафттар болуп табигый жээк экотондору ( 24,6±0,64%) жана антропогендик-селитебдик ландшафттар (14,8±0,53%) ээ экендиги тастыкталды, бул ландшафттарда чычкан сымалдуулардын 5 тен түрү кездешетКыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоо бийиктик алкактарын байырлаган чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн таралышы, түрдук курамдары, сандык көрс өткүчтөр жана 2 тукумга кирген 7 түрү аныкталды. Бийик тоо бийиктик алкактарын байырлаган чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн ичинен биологиялык көптүрдүүлүккө ээ болгон тукумдарга Аламандар (Cricetid) кирет, Кыргызстандын түштүгүндөгү бийик тоо бийиктик алкактарында кездешкен чычкан сымал кемирүүчүлөрүнүн ичинен доминанаттык орунга корум момолою (Alticola argentatus) (30,6±0,68 %) токой чычканы (Apodemus sylvaticus) (22,5±0,62%) ээ. Ал эми субдоминанттык орундарга памир момолою, (Microtus carruthersi) (20,9±0,60%) жана үй чычкандары (Mus musculus) (12,2±0,48%. ээ болушту. Чычкандардын жашап көбөйүшү үчүн эң жагымдуу ландшафттар болуп табигый жээк экотондору ( 24,6±0,64%) жана антропогендик-селитебдик ландшафттар (14,8±0,53%) ээ экендиги тастыкталды, бул ландшафттарда чычкан сымалдуулардын 5 тен түрү кездешет